Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

БШК депутат Мейкинбек Абдалиевди мандатынан ажыратты


Мейкинбек Абдалиев
Мейкинбек Абдалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Бул тууралуу чечимди БШКнын мүчөлөрү 19-августтагы жыйында бир добуштан кабыл алды.

Жыйында Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. Ал өзү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болуп, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шайланып келген. Жетинчи чакырылышта “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. Абдалиев жыйындарда экс-бажычы, азыр камактагы Райымбек Матраимовду колдоп сүйлөгөн пикирлери таанымал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын тапшырып кеткен.

Соңкулардан – Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу арызын жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барып, маанайы жок жүргөнүн" "Азаттыкка" айтышкан.

25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган. Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды. Партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG