Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Ысык-Көл: 300дөн ашуун үйдү, бир нече пансионаттын короосун сел каптады


Селдин кесепети. Ысык-Көл облусу. 18-август, 2024-жыл.
Селдин кесепети. Ысык-Көл облусу. 18-август, 2024-жыл.

18-августтун кечинде жүргөн сел Ысык-Көл жана Тоң райондорунун бир нече айылдарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бекмамат Абдырахманов "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда 18-августта кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел Ысык-Көл районун Корумду, Темиров айылында 300дөй үйдүн короолорун, сарайларын жана жер төлөлөрүн каптаган.

Мындан тышкары Булан-Сөгөттү айылында 30дан ашуун үйдүн, "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Корумду айылындагы бир канча үйдүн, "Нептун", "Семиран" пансионаттырынын короосуна суу кирген.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда 450дөй адис техникалык каражаттар менен селдин кесепеттерин тазалоо иштерин улантып жатышат.

Кооптуу үйлөрдүн тургундары башка жакка көчүрүлдү. Бирок канча үйдөн канча киши көчүрүлгөнү тууралуу ӨКМ азырынча расмий маалымат бере элек.

18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев чукул жыйын өткөрүп, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Өлкөдө быйыл сел болуп көрбөгөндөй көп катталып, андан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын чыгымын 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG