Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Орусияда соттолгон АКШ жаранынын өкүмү өзгөрүүсүз калды


Гордон Блэк.
Гордон Блэк.

Орусияда «уурулук» жана «өлтүрөм деп коркуткан» деген айыптар тагылып, 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылган АКШ жараны Гордон Блэктин апелляциялык арызы четке кагылды. Мындай чечим 19-августта Владивосток шаарындагы сотто кабыл алынды.

Өкүм 19-июнда чыккан, Блэк жалпы тартиптеги колонияга кесилген, адвокаты кийинки инстанцияга арызданарын билдирген.

Соттук отурумдарда Блэк тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсү жок экенин билдирип келген.

Блэк окуя болгон күнү Александра Ващук кызуу абалда ачууланып, ага агрессия көргөзгөнүн, колундагы табакты аны көздөй ыргытып, кулак түпкө жана көзгө урганын 17-июндагы отурумда айтып берген. Үйдөн чыгуу үчүн буюмдарын жыйнай баштаганда Ващук тоскоолдук кылууга аракет кылганын, ошондо ортодо чыр чыкканын билдирген. Ващукту бир жолу чапканын, эки жолу түрткөнүн моюнуна алган.

Ващуктан акча алганы чын экенин, бирок эртеси кайра кайтарып бергенин айткан Блэк Владивостокко барар алдында Түштүк Кореядан ага 300 миң рубль ($ 3350) жөнөткөнүн, Орусияга барганда дагы 525 доллар которгонун кошумчалады.

Ващук сотто экөө чогуу бир ай жашаган батирдин ижара акысынын негизги бөлүгүн Блэк төлөгөнүн, бир нече жолу анын агрессиясын байкаганын билдирген.

АКШ армиясынын штаб-сержанты Гордон Блэк май айынын башында Алыскы Чыгыштагы Владивосток шаарында кармалган.

Ващук Блэкти түрмөгө камабоону суранып, ал психиатриялык жардамга муктаж экенин айткан.

Алгач АКШ жаранына «олуттуу зыян келтирген уурулук» деген айып тагылган. Буга Владивосток шаарынын тургуну, америкалык жаран конокко барган 32 жаштагы Александра Ващук аттуу келиндин «акча каражаты» жоголгону себеп болгонун тергөө билдирген.

Блэк ал аял полицияга 10 миң рубли жоголгону тууралуу арыз жазгандан кийин кармалган.

Экинчи айып дагы Ващуктун арызынын негизинде коюлган. «Коммерсант» жазгандай, аял үйүндөгү уруш учурунда Блэк аны колкодон алганын, муну ал «өмүрүнө олуттуу коркунуч» катары кабыл алганын жазган.

Блэк кармалганын алгач NBC News телеканалы кабарлап, аны жетекчилиги Түштүк Кореяга иш боюнча жөнөткөнүн, сапары аяктагандан кийин АКШга кайтышы керек болгонун, бирок кайтар алдында "романтикалык мамиледе" болгон аялга кезигиш үчүн Владивостокко барганын жазган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгү америкалыктын кармалышын «күнүмдүк жашоодо боло жүрчү криминал» деп мүнөздөп, тыңчылык менен байланыш жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG