Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалды

Кармалган адамдар жана алар мыйзамсыз даярдаган паспорттор.

Ош облусунун Кара-Суу районунда чет элдик диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар атайын уюштурулган мыйзамсыз канал аркылуу радикалдык топторго тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарга түрдүү документтерди системалуу түрдө даярдап келишкен. Анын негизинде аларга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып берип турушкан.

Кармалган адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынды.

Мындан тышкары “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган экстремисттик материалдары жана баракчалары табылды.

Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө органдары паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. (ErN)

Дагы караңыз

Москвада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастадыМинистрлик мугалим болууга тыюу салган талаптар тууралуу түшүндүрмө бердиАйдос Садыковдун жаназасы Киев облусунда өтөт, сөөгү ошол жерге коюлатОрусия: Чет жакта эс алгысы келген депутат уруксат алышы керек болотОрусия франциялык саясат таануучуну абакта калтырды УКМК Таласта мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди Киев Орусиянын дрон "толкунун" токтотуп калганын билдирди, Днепр аза күтүүдөЖапаров: Кыргызстан палестин-израил маселесинде “эки элге эки мамлекет” принцибин колдойт