Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

Орусия: Чет жакта эс алгысы келген депутат уруксат алышы керек болот


Мамлекеттик дума.
Мамлекеттик дума.

Орусияда депутаттардын жеке иштери менен сыртка чыгуусу, чет өлкөлөрдө эс алуусу мамлекеттин көзөмөлүндө болору тууралуу мыйзам даярдалууда. Мыйзам долбоору Мамлекеттик думада кабыл алынганын бүгүн 4-июлда «Свобода» радиосу жазды.

Долбоордо эгер депутат жетекчилик менен макулдашпай туруп чет өлкөгө барганы аныкталса анын мандаты мөөнөтүнөн мурда алынары, мындай чектөө жумуш сапарларына тиешеси болбой турганы жазылган.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин мындан ары парламент мүчөлөрү кайсы жерге барып эс аларын айтып, эмне үчүн ошол жерди тандаганын түшүндүрүп бериши керек болот.

Ошону менен катар Володин мурдагы депутаттарга жана сенаторлорго да ушундай чектөө киргизилиши зарыл деп эсептейт. Анткени, анын айтымында, Орусия мыйзамдары боюнча, мамлекеттик купуя маалыматка уруксаты бар кызматта иштеген мамлекеттик кызматкерлердин жумуштан кеткенден кийин беш жыл бою чет өлкөгө чыгуусуна чектөө бар.

Мамдуманын коопсуздук маселелери боюнча комитетине депутаттарга чет өлкөлөрдөн үй-мүлк сатып алууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилгени да маалым болду.

Орусиялык аткаминерлердин сыртка чыгуу эрежелери катаалдашып жатканын быйыл жазында өз булактарына таянып Reuters агенттиги жазган. Анда кээ бир жетекчилерге жана кызматкерлерге жада калса Орусияга Украинага кол салуусунан улам жарыяланган санкцияларга кошулбаган "достук мамиледеги" өлкөлөргө баруусуна да тыюу салынып жатканы айтылган.

Агенттикке маек кургандар мындай чектөөгө Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) орусиялык аткаминерлер чет өлкөгө барганда "тузакка түшүп, улуттук коопсуздукка байланышкан сырларды ачууга мажбур болушу мүмкүн" деген кооптонуусу негиз экенин айтып беришкен.

2022-жылы февралда Украинага кол салгандан бери Орусиянын АКШ жана Батыш өлкөлөрү менен мамилеси чыңалган абалда турат. Соода-экономикалык, саясий кызматташтык дээрлик чектелип, орусиялык жарандар ээн-эркин жер кыдыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG