Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Орусия франциялык саясат таануучуну абакта калтырды


Лоран Винатье.
Лоран Винатье.

Орусияда кармалган франциялык саясат таануучу Лоран Винатьенин камакка алынышы мыйзамдуу деп табылды. Москва шаардык соту Замоскворечье райондук сотунун аны 5-августка чейин камакта кармоо тууралуу чечимин мыйзамдуу деп тапканын бүгүн 4-июлда шаардык мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Француз жаранын орус бийлиги «чет элдик агент катары каттоого турган эмес, Орусиянын аскердик тармагы боюнча маалымат чогултуп жүргөн» деп айыптоодо.

48 жаштагы Винатье Женевадагы Гуманитардык диалог борбору (HD) деп аталган чыр-чатактарды жөнгөрүү максатын көздөгөн бейөкмөт уюмда кеңешчи болуп иштейт. Аны камакка 7-июнда алышкан.

Орусиялык тергөөчүлөр ал тагылган айыптарды 3-июлдагы соттук отурумда моюнуна алганын, өзүн күнөөлүү деп эсептей турганын айтканын билдиришти.

HD Винатьеге жардам бериш үчүн бардык аракет көрүлөрүн маалымдады. Radio France International кабарлагандай, HD ал «чет элдик агент» катары каттоого турбаганы чын экенин, мындай милдет ага да тиешелүү болорун билбей калганын ырастады.

Айрым маалыматтарга караганда, Винатьенин мүлкүн камакка алуу тууралуу да чечим чыкты.

Орусия бийликтин кемчилигин ачык айтып чыккандарды «чет элдик агент» деп атайын катоого алып, куугунтуктап, камоого мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамын буга чейин өз жарандарына каршы колдонуп келген болсо, 2022-жылы Украинага кол салгандан бери ушул жана башка айыптардын негизинде Батыш жарандарын кармоону күчөттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG