Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

УКМК Таласта мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас районунун Атай Огомбаев айылында мыйзамсыз диний билим берген медресе аныкталып, жабылганын кабарлады. Атайын кызматтын кабарлашынча, диний окуу жай “Маданият борбору” кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып иш жүргүзгөн.

Медресе катары тиешелүү мамлекеттик органдардан каттоодон өтпөгөн, белгиленген талаптар сакталган эмес. Медреседе “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар окушкан.

УКМК 3-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесин, 21-июнда Баткенде "Мариям" аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныктаган. Андан мурун 13-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында медресе мыйзамсыз иштеп жатканын аныктап, ишмердүүлүгүн токтоткон.

Мекеме Кыргызстандын балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинен диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда алардын мыйзамдуу иштеп жатканын текшерүүгө чакырды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG