Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаганын маалымдады.
Медиа мындан сырткары дагы бир судья кармалып, ал кийин коё берилгенин жазды.
УКМК азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Жогорку соттун басма сөз кызматы буга байланыштуу журналисттерге берген комментарийинде судьялар кармалган-кармалбаганы тууралуу деталдуу маалымат берген жок. Ошол эле маалда анда интернетке чыккан маалымат төгүндөлгөн эмес.
Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот системасынын ичиндеги коррупциялык фактыларды айыптай турганын, өзүнүн маалымат жыйындарында дайыма “соттук корпуста булганган судьяларга орун жок” деп айтканы белгиленген. “Жогорку соттун жетекчилиги тиешелүү мамлекеттик мекемелердин коррупциялык көрүнүштөрдү түп орду менен жок кылуу боюнча бардык аракеттерин колдоого алат”, – деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда “Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын” айткан.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин 1-декабрда “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Ал ошол эле маалда Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген.
Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы 8 судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени маалымдалган. (ErN)
Дагы караңыз
Иранда өлүм жазасына соттолгон окумуштуунун жубайы швед өкмөтүнө нааразылыгын билдирди Өзбекстанга мыйзамсыз 350 миң доллар чыгарып бараткан чет элдик жаран кармалдыДагестанда никабга убактылуу тыюу салындыПрезидент Жапаров Казакстанда ШКУнун саммитине катышатБУУ эксперттери Орусия Гершковичти камап, эл аралык мыйзамдарды бузганын белгилештиАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтBloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырдыСүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет