Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырды


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

3-июлда Жогорку сот жарандык активист Зарина Төрөкуловага Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Анын жактоочусу Акмат Алагушев тергөөдө жана сотто активистке коюлган айып далилденбегенин, ага карабай сот аны күнөөлүү деп тапканын айтты.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

Прокуратура апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, кайра камакка алган.

Буга нааразы болгон активисттин адвокаты Жогорку сотко кассациялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атап келет.

Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (BTo/MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG