Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Дагестанда никабга убактылуу тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Муфтияттын Телеграм-каналындагы маалыматта айтылгандай, мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Муфтияттын фатва бөлүмү никабга толук тыюу салууга жетиштүү негиз жок экенин, бирок коопсуздук маселесинен улам локалдуу негизде тыюу салса болорун билдирген.

Никабга "аныкталган коркунучтар жоюлганча жана жаңы диний корутунду чыкканга чейин" убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимдин кабыл алынышына бул республиканын Улуттук саясат жана дин иштери боюнча министрлигинин кайрылуусу себеп болгону белгиленди. Чектөө кайсы мөөнөткө киргизилгени айтылган жок.

Дагестан муфтийи Ахмад Абдулаев никабга тыюу салуу "аймакта толук тынчтык жана бейпилдик" орногонго чейинки убактылуу чара болушу мүмкүн экенин жакында айткан жана аны коронавирус эпидемиясы маалындагыдай убактылуу гана чектөө катары колдонсо болорун белгилеген.

Никабга каршы пикирин Дагестандын башчысы Сергей Меликов да айткан. Ал мындай кийимге эркектер да жашынып алса болорун, ал эми аялдардын ар кандай тыюу салынган нерселерди жашыруун алып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айткан.

Ушундай эле көз карашын Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин да билдирген. Коңшу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ага жооп берип, мындай сөздөрдү айтууда "өтө кылдат" болууга чакырган.

Москванын муфтийи Илдар Аляутдинов никабга тыюу салуу орусиялык коомчулук ичинде чыңалуу жаратышы ыктымал экенин айткан.

23-июндун кечинде Дагестандын борбору Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербент шаарында чиркөөгө жана синагогага куралчан адамдар кол салып, андан кийин полиция кызматкерлерине жана көчөдөгү адамдарга ок чыгарышкан. Натыйжада кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган.

Орусия өкмөтү аялдардын никабчан жүрүүсүнө жана кийимдеги башка да диний белгилерге тыюу салуунун зарылчылыгы жок деп эсептей турганын “РИА Новости” агенттиги 30-майда билдирген.

"Мыйзамда динге болгон мамилесине байланыштуу адамга артыкчылык берүү, чектөө же басмырлоонун башка да формаларын көрсөтүүгө жол берилбейт. Андыктан диний кийим кийүүгө чектөө киргизилсе, адам укугу жана жарандын абийир жана дин тутуу эркиндиги бузулушу мүмкүн”, - деп айтылган өкмөттүн Мамлекеттик Думанын депутаттарынын суроосуна 27-майда жолдогон расмий жообунда.

Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешинин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштаган. Бул тууралуу ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде айткан.

Муфтият никабчан жүрүү туура экенин билдирген, бирок эгер расмий бийлик экстремизмдин күчөшү никабга байланыштуу экенин аныктап чыкса тыюу салса болорун кошумчалаган.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Ал кара кездемеден тигилет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG