Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Иранда өлүм жазасына соттолгон окумуштуунун жубайы швед өкмөтүнө нааразылыгын билдирди


Ахмадреза Жалали камакка 2016-жылы алынган.
Ахмадреза Жалали камакка 2016-жылы алынган.

Швециялык окумуштуу, теги ирандык, Иранда өлүм жазасына соттолгон Ахмадреза Жалалинин жубайы Вида Мехранния Швециянын тышкы иштер министри менен күйөөсүнүн ишин талкуулаган жолугушуудан кийин «ындыны өчкөн» абалда калганын билдирди.

Ал швед өкмөтүн өткөн айдагы туткун айырбаштоого Жалали кошулбай калганы үчүн кескин сындады.

«Алар мага адаттагыдай эле териштирүү жүргүзүп жатканын айтышты. Жолуккан сайын бир айтканын кайра кайталашат. Бирок 8 жыл 3 айдан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Ындыным өчүп турат», — деди ал Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен жолугушуудан кийин.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жалали айырбаштоого илинбей калганына нааразылыгын билдирип 26-июнда абакта ачкачылык жарыялаган.

«Анын шайы кетип, ашказаны ооруп жатат», — деди Мехранния тарапташтарына.

Өткөн айда Швеция Иранда камакка алынган эки жараны – Йохан Флодерустун жана Саид Азизинин ордуна Иран жараны, 1988-жылы саясий туткундар жапырт дарга асылган окуя үчүн «адамзатка каршы кылмыш жасаган» деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан Хамид Нурини бошоткон.

Иран Нуринин ордуна Европа Биримдигинде иштеген швециялык Йохан Флодерусту жана эки өлкөнүн жарандыгы бар, “улуттук коопсуздукка каршы кутум уюштурган” деп соттолгон Саид Азизини бошотууга макул болгон.

Европадагы алдыңкы медициналык жогоркуу окуу жайларынын бири, Стокгольмдогу Karolinska институтунун изилдөөчүсү Жалали 2016-жылы Тегеранга конференцияга катышуу үчүн барганда кармалып, Израилдин пайдасына «тыңчылык кылган» деген айып менен өлүм жазасына соттолгон. Ал өзү мындай айыпты негизсиз деп атап келет.

Батыш өлкөлөрү жана укук коргоочулар, активисттер Иранды туткун айырбаштоо үчүн колдонуу максатында кош жарандыгы барларды атайылап кармай турганын айтып, айыптап келишет.

Азыркы тапта, укук коргоочулардын айтымында, Ирандын түрмөлөрүндө Европанын кеминде дагы сегиз жараны кармалууда. Алардын арасында өлүм жазасына соттолгон Германия жараны, теги ирандык Жамшид Шармахд бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG