Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Президент Жапаров Казакстанда ШКУнун саммитине катышат


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туулары. (Архивдик сүрөт)
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туулары. (Архивдик сүрөт)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, ШКУнун 4-июлдагы жыйынында уюмдагы кызматташтык маселелери, аймактык жана эл аралык саясат талкууга алынат.

Мындан тышкары, Жапаров ШКУ саммитинин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Президентти Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Казыбек Кочконов коштоп барат.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУнун ишмердигинде Кытай жана Орусия үстөмдүк кылат.

Уюмга тогуз өлкө – Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мүчө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG