Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

БУУ эксперттери Орусия Гершковичти камап, эл аралык мыйзамдарды бузганын белгилешти


Эван Гершкович.
Эван Гершкович.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча эксперттери Орусия бийлиги Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичти камакка алуу менен эл аралык укук ченемдерин бузганын жана аны "тез арада" бошотушу керек экенин билдиришти.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку органы түзгөн, курамына көз каранды эмес эксперттер кирген негизсиз кармоолор боюнча жумуш тобу Гершковичке коюлган тыңчылык тууралуу айып “эч кандай фактылык же юридикалык негиздемеси жоктугу менен таң калтырып” жатканын белгиледи.

Беш адамдан турган топтун белгилешинче, Гершковичтин кармалышына ал америкалык жаран болгону себеп, андыктан бул ишти "басмырлоочу" деп атаса болот.

Тыңчылык тууралуу айып тагылып жаткан кабарчы 2023-жылы март айында Екатеринбургда жумуш сапары учурунда кармалган. Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында отурду. Өткөн айда аны Екатеринбург шаарына которушту, соту ошол жакта 26-июнда башталды, процесс жабык өтүүдө.

Өзү да, АКШ бийлиги да жана Wall Street Journal басылмасынын жетекчилиги да ага коюлган айыпты четке кагып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG