Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сүттүн баасы боюнча сунушталган графикти түшүндүрүп жатат. 3-июль, 2024-жыл.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сүттүн баасы боюнча сунушталган графикти түшүндүрүп жатат. 3-июль, 2024-жыл.

Бүгүн, 3-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттик органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин катышуусунда кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Жолугушууда сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана тармактагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси каралды.

Жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Министрлик муну чечүү үчүн сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графигинин таблицасын сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жыйында графикте сүттүн орточо майлуулугуна карата баалары аныкталганын билдирди.

Тарифтик графиктеги баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган. Таблица сүттү сатып алган ар бир заводго орнотулат жана алып-сатуу ошонун чеги менен жүргүзүлөт.

Графикте көрүнүп тургандай, эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Анда ортомчулар калктан сүттү 30 сомдон алууга милдеттүү болот. Калган нарк сүттүн майлуулугуна карап плюс-минус болот.

Депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш аны үч окуудан колдоп берген. Ошол эле жылдын сентябрында президент Садыр Жапаров мыйзамга каршы пикирин билдирип, артка кайтарганы маалым болгон.

Жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары парламентке кайрылып келген. Быйыл 14-мартта кабыл алынган токтомдо чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген.

Парламенттин тармактык комитетинин 27-майдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "токтомду Министрлер кабинети аткара албай турганын" айтышкан. Муну токтомду сунуштаган депутат Акылбек Түмөнбаев сынга алган. (ErN)

Дагы караңыз

XS
SM
MD
LG