Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Өзбекстанга мыйзамсыз 350 миң доллар чыгарып бараткан чет элдик жаран кармалды


Чек арада кармалган акча. Чек ара кызматы тараткан сүрөт.
Чек арада кармалган акча. Чек ара кызматы тараткан сүрөт.

3-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталып, аны алып бараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Кармалган адам 53 жаштагы Кытайдын жараны экени маалымдалды. Анын жанына алынган каражаттардын суммасы 350 миң АКШ долларын түздү.

Чет элдик жаран акча каражатын Кыргызстандын бажы мыйзамдарына ылайык декларация кылган эмес.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана алынган акча каражаты териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

УКМКнын Чек ара кызматы убактылуу эрежелерге ылайык, чет элдик жарандар 5 миң доллардан ашык каражатты, жергиликтүү жарандар 10 миң доллардан ашык каражатты накталай түрдө Кыргызстандын аймагынан алып чыга албай турганын эскертти.

2022-жылы февралда орус аскерлери Украинага кеңири масштабда кол салган соң АКШ долларды, Европа Бирлигиндеги мамлекеттер еврону Орусиянын аймагына ташып кирүүгө тыюу салган. Мындан улам Орусияда чет элдик валюта тартыш болуп, ал Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинен Кыргызстандын рыногуна да таасир эткен.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 2022-жылы 11-мартта коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Өкмөт 2023-жылы 16-январда ушундай эле чектөөнү жеке адамдарга да киргизген.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миң доллардан ашык, кыргызстандык жарандарга 10 миң доллардан ашык каражатты алып чыгууга тыюу салынган. Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG