Кыргызстандагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюму” деген аталыш ыйгарылды

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокуга БУУнун аталышы ыйгарылганын ырастаган сертификатты Антониу Гутерришке берип жаткан учуру.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген аталыш берилгендиги туурасында сертификат тапшырды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Ал ошондой эле БУУнун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирди.

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Чолпон-Ата шаарында жолукту. Кыргыз президенти жолугушууда Газадагы, Украинадагы, Ооганстандагы кырдаал боюнча пикирин билдирсе, Гутерриш Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады. (ErN)

Дагы караңыз

Беларуста "Тихановскаянын аналитиги" деген 20 киши сыртынан соттолдуОрусияда Казакстандын эки жараны "диверсия" үчүн соттолдуСи Цзинпиндин Казакстан сапары башталды“Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалатКыргызстанда мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяландыОрбан согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага бардыСот Ошто кармалган блогерди үй камагына чыгардыАрмения жана Азербайжан чек ара сүйлөшүүлөрүндө жылыш бар экенин билдириштиОн жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты