Окуучуну сүзүп кеткен мурдагы милиция башчысынын инисине козголгон кылмыш иши кыскарды

Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.

12 жаштагы кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков Түп райондук ички иштер бөлүмүнө ишке кирди.

Маалыматты “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов ырастады. Ал Бекзат Казаковго козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергегенин, кылмыш курамы жок деген негиз менен иш кыскартылганын айтты.

“Кызматкер ушул жылдын май айында Түп райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызматка алынган. Июнь айында болсо ушул эле бөлүмдүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө ыкчам кызматкер болуп дайындалды”, - деди ал.

Быйыл 26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучуну автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Кыздын атасы Максатбек Байгазиев аны Балыкчы милициясынын ошол кездеги башчысы Бектур Осмонбаев коюп кеткенин, ал жоопкерчиликтен качууга аракеттенгенин айтып чыккан.

Бекзат Казаков машинени өзү айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Жергиликтүү тургундар рулда ал эмес, агасы Бектур Осмонбаев болгонун жана “окуя болгон жерден качып кеткенин” билдиришкен.

Кийинчерээк кызды Балыкчы милициясынын Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаасы коюп кеткени белгилүү болгон. Ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган.

Ишти УКМК тергеп, Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген жосун” беренеси менен иш ачкан.

Көп өтпөй окуучунун атасы тосмо арыз жазып берген. Тараптар элдешип алганына байланыштуу Бектур Осмонбаевге козголгон кылмыш иши кыскартылган. Мындай чечимди Балыкчы шаардык соту 26-мартта чыгарып, ал убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо түрүнө алмаштырылган. (AsK)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда төрт жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды Консулдук Санкт-Петербургдагы мушташтын чоо-жайы такталып жатканын билдирди Болгария православ чиркөөсүнө Орусияга ыктаган дин кызматкери башчы болду Бишкекте тазалыкты сактабаган алты курулуш компаниясына айып пул салынды Кара-Кулжа районунда селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылдыПрезидент мектеп мугалимдеринин баарын ноутбук менен камсыздоону тапшырдыПрокуратура Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотко апелляциялык сунуш берди