Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Кара-Кулжа районунда селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды


Кара-Кулжа районунда селге агып кеткен автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.
Кара-Кулжа районунда селге агып кеткен автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында автоунаа менен чогуу селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен. Автоунаанын ичинде селге агып кеткен үч кишинин сөөгү дароо табылып, бирөө изделип жаткан.

Аталган унаада 5 жаран болгон. Бир адам аман калган. Ал ооруканада дарыланууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош облустук башкармалыгы тараткан билдирүүдө селге агып кеткен адам Күзѳт кызматынын кызматкери болгону, каза болгондордун бири анын аялы, экөө уулу экени айтылат. Аман калган адам милиция кызматкеринин кызы болгон.

28-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунда беш жашар бала селге агып каза тапкан. Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG