Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Бишкекте тазалыкты сактабаган алты курулуш компаниясына айып пул салынды


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкекте тазалык жана көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган алты курулуш компаниясына айып пул салынды.

Бишкек мэриясы 1-июлда кабарлагандай, көчөлөрдү ылай менен булгаганы үчүн "Борсан Констракшн" жана "Авента Строй" ишканаларына жалпы 46 миң сом айып пул жазылды.

Санитардык талаптарды аткарбаган деген негизде "Ата Курулуш" жана "Кыргыз Каганат" ишканаларына 13 миң сомдон айып пул чегерилди.

Ошондой эле топуракты муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн "Прайм холдинг" компаниясы 17 мин сом төлөй турган болду.

Курулуш таштандыларын ирээтсиз таштаганы үчүн "Ислам Строй" компаниясына 23 000 сом айып пул салынды.

Мэрия Муниципалдык инспекция күн сайын рейдге чыгып жатканын эскертти. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG