Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Президент мектеп мугалимдеринин баарын ноутбук менен камсыздоону тапшырды


Президент Садыр Жапаров “Кыргызиндустрия” мекемеси чыгара баштаган ноутбуктарды көрүп жаткан учуру.
Президент Садыр Жапаров “Кыргызиндустрия” мекемеси чыгара баштаган ноутбуктарды көрүп жаткан учуру.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде айтты.

Жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы үч айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздаларын билдирди.

Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат.

Кендирбаева ноутбуктар мугалимдерди алдыңкы санариптик технологиялар менен камсыздоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана баарына бирдей шарт түзүү үчүн берилип жатканын кошумчалады. Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат.

Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын кайталап, технологиялардын доорунда кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келип жеткенин белгиледи.

Президенттин сайтында жазылгандай, ноутбуктарды чогултуу боюнча “Кыргызиндустрия” мекемеси менен келишим түзүлдү.

Жапаров билим берүү жана илим министрине мекемеден алынган ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Кыргызиндустрия” мекемеси быйыл мартта Кыргызстанда биринчи ирет ноутбук өндүрө баштай турганын жарыялаган. Мекеменин алдындагы "Кыргызэлектроника" ишканасы кытайлык Clovertek Industries компаниясы менен биргеликте иштеп чыгары айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG