Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Консулдук Санкт-Петербургдагы мушташтын чоо-жайы такталып жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттар мушташып, бычактан жаракат алганын жергиликтүү "Форпост" маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип жазды.

Ага ылайык, 29-июнга караган түнү шаардагы Глухарка деп аталган суунун жээгинде мигранттар мушташып жатканын көргөн жергиликтүү тургун полиция чакырган. Полиция келгенде Кыргызстандын жарандары качып кеткен, ал эми Өзбекстандын эки жараны бычактан жаракат алганы аныкталган.

Көп өтпөй мушташка катышкан кыргызстандык эки мигрант кармалган. Алардын бири да бычак жеп жаракат алганы аныкталып, ооруканага жаткырылган. Экинчисин полиция алып кеткен.

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу бул окуянын чоо-жайы такталып жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар ич ара мушташкан учурлар буга чейин да катталган.

Былтыр да июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын ортосунда калайман мушташ болуп, эки кыргыз жараны камакка алынган.

Расмий маалымат боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталына карата Орусияда 410 миңден ашуун кыргызстандык жаран мигрант болуп жүрөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG