Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотко апелляциялык сунуш берди


Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана укук коргоочулар. 14-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана укук коргоочулар. 14-июнь, 2024-жыл.

Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирип, арыз 28-июнда түшкөнүн кабарлады.

Бул иш боюнча акталган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков прокуратура шаардык сотко ишти башка курамда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү сунуштаганын маалымдады.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG