Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Болгария православ чиркөөсүнө Орусияга ыктаган дин кызматкери башчы болду


Митрополит Даниил.
Митрополит Даниил.

Болгарияда адатта Москвага жакын көз караштары менен белгилүү православ чиркөөсү жаңы патриарх кылып бардык талапкерлер арасынан эң орусиячыл деп таанылган митрополит Даниил Видинскини шайлады. Быйыл март айында 78 жаш курагында дүйнө салган патриарх Неофиттин ордуна шайлоо 30-июнда өттү.

52 жаштагы митрополит Даниил (өз аты Атанас Николов) чиркөө жыйынына катышкан 138 делегаттын 96сынын добушун алды. Экинчи турда ал Кремлге нейтралдуу талапкер, 50 жаштагы Григорийди жеңди.

Автокефалдык чыгыш-православ юрисдикциясындагы чиркөөнүн Болгариянын өзүндө 6 миллиондой, чет өлкөлөрдө 1-2 миллионго жакын мүчөсү бар.

Даниил Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган эмес, бул согуш үчүн украин тарап да жоопкер деген пикирин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG