Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Жалал-Абадда төрт жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды


Балдар аянтчасында ойноп жаткан жеткинчектер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Балдар аянтчасында ойноп жаткан жеткинчектер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Жалал-Абад шаарында төрт жашар кызды зордуктады деген шек менен 35 жаштагы киши кармалды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя тууралуу 24-июнда арыз түшкөн. Тергөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз киши кичинекей кызды зордуктаган. Ыкчам-иликтөө тобу окуяны тастыктаган далилдерди аныктаган.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды. Тергөө уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG