Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну талкуулады

Абдулла Арипов жана Акылбек Жапаров. Үрүмчү шаары.

25-июнда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кытайдын Үрүмчү шаарында жолугушуп, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулушу, Чаткал дарыясына ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары ошондой эле Талас-Чаткал-Ташкент автоунаа жолун куруу долбоорун сүйлөшкөнү айтылды.

Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча даярдыкка 44,1 млрд сом кетерин жана бул иш эки этапка бөлүнгөнүн кабарлаган. Өкмөт ГЭСти куруу үчүн 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет. (BTo)

Дагы караңыз

Карактоого айыпталган кыргыз жараны Польшадан экстрадицияландыАссанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулдуСадыр Жапаров Брюсселде Евробиримдик менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коёт Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө учак каттамы жанданат Аба ырайы: айрым аймактарда күн 38 градуска чейин ысыйтПрокурор Аскат Жетигенди сегиз жылга абакка кесүүнү сурадыБаткенде "Йакын-Инкардын" лидери жана мүчөсү деп шек саналгандар кармалды Министрлик ЖМК боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканын билдирдиБишкек Израил менен Ливандагы кыргыз жарандарын этият болууга чакырды