Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө учак каттамы жанданат


Тамчыдагы Ысык-Көл аэропорту.
Тамчыдагы Ысык-Көл аэропорту.

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат. Манас эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, "Тез Жет" авиакомпаниясы өлкөнүн үчүнчү ири шаарынан Ысык-Көлдүн күңгөйүнө аптасына төрт ирет учмакчы.

Жалал-Абад - Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.

Жүргүнчүлөрдү 96 орундуу британиялык "АвроЖет–85" учагы тейлейт. Ал 361 чакырымдык аралыкты 45 мүнөттө учуп өтөт.

Облус борборундагы аэропорт Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларынын жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун 879 миң калкын тейлейт. Шаар ортосундагы аба майдан 1938-жылы учуп-конуучу тилке катары ишке кирип, 2018-жылы толук оңдолгон.

Аэропортту Сузак районундагы Багыш айылына жылдыруу каралып жатканы былтыр декабрда маалымдалган.

Тамчыдагы аэропорттун ишмердиги негизинен жайында - туристтик сезондо жанданып, жергиликтүү жана эл аралык каттамдар аткарылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG