Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Министрлик ЖМК боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар, медиакоомчулук менен бирге толукталып иштелип чыкканын билдирди.

Документ 28-июнда Улуттук тарых музейинин чоң залында талкууланат. Министрлик ага Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылганын кабарлады.

ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, ага “Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, “Азаттыктын” кызматкери Кубат Оторбаев, Next TV телеканалынын башкы продюссери Дмитрий Ложников, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, юрист Акмат Алагушев кирген. Дагы башка адистер да кошулуп, жумушчу топко маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетекчи болуп бекитилген.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей койгондо, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоо керек экенин айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG