Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Садыр Жапаров Брюсселде Евробиримдик менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коёт


Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Бишкек, 3-июнь, 2023-жыл
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Бишкек, 3-июнь, 2023-жыл

Президент Садыр Жапаровдун Бельгия сапары учурунда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө” жаңы келишимге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн 25-июнда “Азаттыктын” Брюсселдеги булактары билдирди.

Келишимде жазылгандай, тараптар негизги максат катары тышкы саясат жана коопсуздук, саясий жана экономикалык натыйжалуу кызматташтык аркылуу туруктуу өнүгүүгө, тынчтыкка, туруктуулукка умтулат.

Келишим “Саясий диалог жана реформалар, тышкы саясат жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык”, “Адилеттик, эркиндик жана коопсуздук”, “Соода-сатыкка байланыштуу маселелер”, “Экономика жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык” деген негизги бөлүмдөрдөн турат.

Жапаров Брюсселге иш сапары менен 24-июнда барды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Бельгиянын падышасы Филипп менен кездешет. Ошондой эле Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен расмий жолугушууда эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу жаңы келишимге Брюссел тараптагы жараян бүтөр замат кол коюуга даяр экенин былтыр 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген. Ал келишим боюнча сүйлөшүүлөр үч жылдан бери жүрүп жатканын, документке ошол жылы кол коюлушу ыктымал экенин айткан.

Кыргызстандын Европадагы 28 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен кызматташтыгы 1991-жылы, өлкө эгемендикке ээ болгондо башталган. 1995-жылы ортодо өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлуп, ал 1999-жылы күчүнө кирген. Документте саясий диалог, экономикалык мамилелер жана социалдык тармак, каржы, илим, технология жана маданият багытындагы кызматташтык деген үч негизги багыт аныкталган.

Келишимди жаңыртуу тууралуу 2017-жылдан бери айтылып келаткан. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган.

Борбор Азия аймагынан Евробиримдик менен кызматташтык тууралуу келишим Казакстанда 1995-жылы кабыл алынып, жаңысы 2015-жылы түзүлгөн жана ал 2020-жылы толук күчүнө кирген. Өзбекстан менен алгачкы келишим 1996-жылы түзүлүп, ал 2022-жылдын 6-июлунда жаңыртылган. Тажикстанда мындай алгачкы документ 2009-жылы кабыл алынып, 2010-жылы күчүнө кирген, азыркы тапта аны жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Евробиримдиктин Түркмөнстан менен кызматташтыгы 2010-жылы кабыл алынган убактылуу соода келишими менен жөнгө салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG