Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Бишкек Израил менен Ливандагы кыргыз жарандарын этият болууга чакырды


Ливандын чек арасына жакын жерде жүргөн израилдик аскерлер тобу.
Ливандын чек арасына жакын жерде жүргөн израилдик аскерлер тобу.

Расмий Бишкек Израилде жана Ливанда жашаган кыргызстандыктарды этият болууга жана жеке коопсуздук чараларына көңүл бурууга чакырды.

Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүнү Израил-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу таратты. Аталган өлкөлөрдө жашап, иштеген кыргызстандыктар зарыл учурду Кувейттеги кыргыз элчилигине +96525359951 телефонуна же Түркиядагы элчиликке +905456896800 телефонуна чалышы керек. Консулдук департаментке +996 999 312002 ишеним телефонуна кайрылса болот.

Расмий маалыматта Ливанда жана Израилде канча кыргыз жараны бар экенин айтылган эмес.

Соңку эки аптадан бери Израилдин түндүгүндө, Ливан менен чек арасында абал оорлошууда. 12-июнда ал жер ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун жапырт ракеталык аткылоосуна кабылган.

"Хезболла" тобу Израилдеги эки аскердик жайга учкучсуз учак менен чабуул койгонун 23-июнда билдирип, муну командирлеринин биринин өлүмү үчүн «жооп» деп атаган.

Айрым маалымат булактары Израилдин Ливанга чабуул коюу планы «жактырылып, бекитилгенин» жазышкан.

«Хезболланын» башчысы Хасан Насралла эгер толук масштабдуу согуш баштала турган болсо, Израилге ырайым болбой турганын эскерткен.

AFP агенттиги жазгандай, Ливан менен Израилдин чек арасында былтыркы октябрдагы чыңалуу башталгандан бери кеминде 480 киши каза болду, алардын 93ү жай тургундар экени аныкталды.

Израил бийлиги өлкө түндүгүндө кеминде 15 аскери, 11 жай тургуну каза тапканын айтууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG