Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Карактоого айыпталган кыргыз жараны Польшадан экстрадицияланды


Польшадагы полициянын автоунаасы
Польшадагы полициянын автоунаасы

Тогуз жыл мурдагы өзгөчө ири өлчөмдөгү карактоого айыпталган жаран Польшадан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Расмий кабарда аны Бишкекке жеткирүүгө кыргыз милициясына Варшавадагы күч органдары жана Кыргызстандагы Польшадагы ардактуу консулу Януш Кшивашинский көмөктөшкөнү айтылат.

Алып келинген жаран 2015-жылы Кызыл-Кыяда шериктери менен зомбулук аркылуу жергиликтүү тургундун 1 миллион 30 миң АКШ долларын тоноп кеткени айтылат. Анын ишин Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмү териштирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG