Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Ассанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулду


Жулиан Ассанж. 2020-жыл.
Жулиан Ассанж. 2020-жыл.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж тагылган айыпты жарым-жартылай мойнуна алууга макул болуп, эркиндикке чыкты.

"Жулиан Ассанж бошотулду. Ал Белмарштагы шарты катаал түрмөдөн 1901 күн өткөргөндөн кийин 24-июнда эртең менен чыкты. Лондондун Жогорку соту күрөөгө бошоткондон кийин ал Станстед аэропортунан учакка отурду", – деп жазды WikiLeaks.

Ассанж тыңчылык тууралуу коюлган айыптагы пункттардын бири боюнча күнөөнү мойнуна алып жатканы, териштирүүнү АКШ соту жүргүзөрү, түрмөдө өткөргөн беш жылды сот жаза мөөнөтү катары эсепке алары, ошондон кийин ал Австралияга кайтып барары маалымдалды.

2019-жылы АКШнын федералдык прокуратурасы Австралия жараны Ассанжга «тыңчылык» тууралуу 17 жана америкалык аскерлердин Ирак менен Ооганстандагы жоруктары тууралуу купуя маалыматтардын жарыяланышына байланыштуу «компьютерди мыйзамсыз колдонгон» деген бир айып таккан. Прокурорлор Ассанж мурдагы америкалык аскер кызматкери Челси Мэннингге кийин WikiLeaks сайтына жарыяланган аскердик файлдарды жашыруун көчүрүп алууга жардам бергенин айтышкан.

Баштапкы жаза чарасы боюнча ага АКШда 175 жыл чегерилмек. 52 жаштагы Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Британиядагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясынын колуна өткөн. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча сот уланууда.

Ассанждын адвокаттары анын экстрадицияланышы саясий көз карашы үчүн жазалоого барабар болорун, сөз эркиндигине болгон укукту бузарын айтып келишет. Журналисттин тарапкерлери жана укук коргоочулар АКШ президентинин администрациясын аны куугунтуктоого жол бербөөгө чакырып, жашыруун документтерди жарыялоо менен Ассанж журналисттик милдетин гана аткарганын жүйө келтиришкен. Австралиянын парламенти Ассанжга мекенине кайтууга уруксат берүү туура болот деген чечим кабыл алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG