Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Баткенде "Йакын-Инкардын" лидери жана мүчөсү деп шек саналгандар кармалды


Кармалган шектүүлөрдүн бири. УКМК тараткан сүрөт
Кармалган шектүүлөрдүн бири. УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунда "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмуна мүчө деп шек саналгандардын үйлөрүн тинтүүгө алды.

25-июнда таратылган расмий кабарга ылайык, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында, Баткен жана Кадамжай райондорунун тургундарынын үйлөрүндө тинтүү уюштурулган. Жыйынтыгында топтун лидери жана тогуз мүчөсү кармалганы айтылат маалыматта. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде шек саналууда.

Ошондой эле УКМК Баткен облусундагы түшүндүрүү иштеринин алкагында 12 адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлүгүнөн баш тартканын кошумчалады.

УКМК менен милиция аталган уюмдун мүчөлөрүнө каршы күрөш жана кармалгандар тууралуу акыркы кездери байма-бай маалымат таратууда.

Кыргызстанда "Йакын-Инкар" диний кыймылы 2017-жылы соттун чечими менен экстремисттик уюм деп таанылган жана ишмердигине тыюу салынган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG