Аба ырайы: айрым аймактарда күн 38 градуска чейин ысыйт

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 26-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° болот.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Брюсселде Евробиримдик менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коёт Аскат Жетиген сотто акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке кактыБаткенде "Йакын-Инкардын" лидери жана мүчөсү деп шек саналгандар кармалды Министрлик ЖМК боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканын билдирдиБишкек Израил менен Ливандагы кыргыз жарандарын этият болууга чакырды Украинадагы согушка катышкан деп соттолгон Бөрүгул уулу эркиндикке чыктыСот Райымбек Матраимовду 26-августка чейин камакта калтырдыФрязинодо кеңседен чыккан өрттөн кеминде сегиз адам каза болду