Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Фрязинодо кеңседен чыккан өрттөн кеминде сегиз адам каза болду


Өрт чалган имарат.
Өрт чалган имарат.

Москва облусунун Фрязино шаарында 24-июнда кеңседен чыккан ири өрттөн кеминде сегиз адам каза болгону кабарланды. Бул тууралуу орусиялык “Интерфакс” жана ТАСС агенттиктери жеке булактарына шилтеме берип жазды.

Ал эми Mash Telegram каналы курмандыктардын саны 9 кишиге жеткенин, алардын ичинен эки адам кеңсенин 6-7-кабатынан секирип кеткенин билдирди.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, имарат аскердик өнөр жай комплексине тиешелүү “Платан” илимий-изилдөө институтуна таандык. Алгач “Платан” изилдөө институтунун имаратында өрт чыкканы тууралуу кабар тарап, кийинчерээк “Росэлектроник” өрт чалган имарат “Платанга” тиешеси жок экенин жана ал 90-жылдары менчикке өтүп кеткенин кабарлады.

Өрт чыккан жерде ар кандай фирмалардын кеңселери бар экени айтылууда.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, имараттын жети кабаты толугу менен күйүп кетти. Өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG