Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:51

Аскат Жетиген сотто акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке какты


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 25-июнь, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 25-июнь, 2024-жыл.

25-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда акын жана активист Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке какты. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” айтты.

Прокурор Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сурады.

Кийинки соттук жараян 1-июлга дайындалды. Анда өкүм чыгышы мүмкүн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG