Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Украинадагы согушка катышкан деп соттолгон Бөрүгул уулу эркиндикке чыкты


Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.
Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.

“Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Бекназар Бөрүгул уулунун жаза мөөнөтү кыскартылып, абактан чыкканы белгилүү болду. Нарын облустук сотунун маалыматына ылайык, президенттин 2024-жылдын 31-январындагы “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы боюнча Бекназар Бөрүгул уулунун беш жылдык жазасы төрт жыл эки айга азайтылып, ырайым кылынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Украинадагы согушка катышып келген деген шек менен Бекназар Бөрүгул уулун 2023-жылдын август айында кармаган.

Нарын шаардык соту аны былтыр 5-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.

Нарын облустук соту 2023-жылдын 7-декабрында бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Украинадагы согушка катышкан деген айып менен Кыргызстанда буга чейин да сот жообуна тартылгандар болгон. 2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Жогорку сот былтыр августта Бишкек шаардык жана райондук соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Быйыл январь айында Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, ал Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен. Ал апрель айында орусиялык журналисттерге курган маегинде орус жарандыгын жана ал жактан убактылуу башпаанек алуу үчүн документтерин тапшырганын билдирген. Андан көп өтпөй Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселеси “белгиленген тартипте” чечилерин билдирген.

Жакында эле ал орус армиясы менен жаңы келишим түзүп, кайра согушка кете турганы белгилүү болду.

Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылдын 10-майында Украинадагы согушка Орусиянын аскерлеринин катарында катышкан деген шек менен М.у.К. аттуу адамды беш жылга абакка кескени такталды. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG