Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине даярдык көрүүгө Финансы министрлиги бюджеттен дагы 1 млрд 500 млн сом бөлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-июнда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, буга чейин долбоорду ишке ашыруу иштерин баштоого 1 млрд 555 млн сом бөлүнүп, ал сарпталды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча даярдык иштерине 44,1 млрд сом кетерин жана бул иш эки этапка бөлүнгөнүн кабарлаган. Өкмөт ГЭСти куруу үчүн 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет. (BTo)
Дагы караңыз
Кадамжайда беш жаштагы бала селге агып каза болдуЛейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүүдөЖалал-Абад: Сел жүргөн айыл тургундары коопсуз жерлерге чыгарылууда24-июнь: Украинадагы согушка катышкан деген жаран соттолду, Австралияда теги тажик илимпоз абактан чыкты Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын айланасында болотСевастополдогу окуядан улам Орусия ТИМи АКШ элчисин чакырдыУкраина Орусиянын уу зат колдонгон чабуулдары күчөгөнүн билдирдиКыргызстанда катталган эки компания ЕБ санкциясына илинди