Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

24-июнь: Украинадагы согушка катышкан деген жаран соттолду, Австралияда теги тажик илимпоз абактан чыкты


Австралияда абактан чыккан тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназода
Австралияда абактан чыккан тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназода

24-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган адам соттолду

Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылдын 10-майында Украинадагы согушка Орусиянын аскерлеринин катарында катышкан деген шек менен М.у.К. аттуу адамды беш жылга абакка кескени белгилүү болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, Араван райондук соту шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Украинадагы согушка катышкан деген айып менен буга чейин Кыргызстандын эки жараны соттолгон. Алардын бири пробациялык мөөнөт менен бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен.

Улуттук банктын төрагасы кызматтан кетти

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кетти. Ал бул кызматка 2021-жылы келген. Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындала турганы айтылууда. Ал 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Электрондук тамеки чыгаруу долбоору талаш жаратты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинда “Бишкек” эркин экономикалык аймагында компанияларга чет өлкөгө экспорт кылуу үчүн электрондук тамекилерди өндүрүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратты. Документтин авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзамда эркин экономикалык аймакта 2000-жылга чейин катталган гана ишканалар иштей алат деген талап жазылганын, ушундан улам башка компанияларга да шарт түзүү керек экенин айтты. Бирок депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева бул долбоор кайсы бир ишканалардын кызыкчылыгы үчүн жазылганын айтышты. Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети ушул эле күнү өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды.

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барды

24-26-июнь күндөрү президент Садыр Жапаров ельгияда иш сапары менен болот. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин сөзү боюнча мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун абалы жана келечеги талкуулана турганы айтылды.

Орусияда кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды

Петропавловск-Камчатка аймагында кыргызстандык мигранттар мушташып, эки адам жаракат алганын "Регион41" телеканалы 24-июнда маалымдады. Телеканал Ютубга жарыялаган тасмада бир катар кыргызстандыктар журтташтары отурган унааны таш менен койгулап жатканы тартылган. Телеканалдын комментарийине караганда, мушташты өтүп бара жаткан адам видеого тартып алып, соцтармактарга жарыялаган. Жергиликтүү полиция "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Аймактагы "Мекендештер" диаспорасынын төрайымы Нура Курманбекова жергиликтүү элден кечирим сураган постун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Окуя тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере элек.

Крымда ракета чабуулунан жабыркагандар 151ге жетти

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь шаарындагы 23-июндагы ракеталык чабуулдан жабыркагандар 151 кишиге жеткенин, алардын 82си ооруканага жаткырылганын калаанын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдирди. Каза болгондор, анын айтымында, төрт киши, алардын экөө бала, арасында Магадан шаарынын мэринин орун басары Олег Аверьяновдун тогуз жаштагы кызы бар. Крымга кыз ата-энеси менен эс алууга барган. Севастополь аймагында өзгөчө кырдаал жана бүгүн 24-июнда Аза күтүү күнү жарыяланды.

Одесса шаары ракета чабуулуна кабылды

Одессада үйлөрдүн биринде өрт чыгып, жалын дээрлик 3 миң чарчы метрлик жерди каптады. 90дон ашуун өрт өчүрүүчү кызматкер, 20 техника тартылганы, төрт кишиге медициналык, 46 кишиге психологиялык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, «Искандер-К» канаттуу ракеталарынан экөө учурулду, алардын бирин токтотуп калууга үлгүрүштү. Экинчи ракета кайсы жерге түшкөнү тууралуу маалымат жок. Харьков шаарында да дүйшөмбүгө караган түнү жарылуулар болгону кабарланды.

Нетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айтты

Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна каршы күрөштүн активдүү фазасы аяктап баратканын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин Channel 14 телеканалына курган маегинде ал активдүүлүк төмөндөсө да ХАМАС жок кылынмайынча согуш токтобой турганын айтты жана аскерлер Ливан менен чек арага жөнөтүлөрүн кошумчалады. Соңку эки аптадан бери Израилдин түндүгүндө, Ливан менен чек арасында абал оорлошууда. 12-июнда ал жер ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун жапырт ракеталык аткылоосуна кабылган.

Австралияда камалган теги тажикстандык окумуштуу эркиндикке чыкты

Австралияда «терроризмге чакыруу» деген айып менен кармалып, 3,5 жылга эркинен ажыратылган теги тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназода боштондукка чыкты. Батыш Австралия университетинин мурдагы илимий кызматкери Австралияда 2019-жылдын январынан тартып 2020-жылдын соңунда камакка алынганга чейин өзүнүн YouTube каналына жарыялаган көптөгөн видеолорунда “Тажикстандын өкмөтүн кетирүүгө жана халифат түзүүгө” үндөгөн деп айыпталган. Окумуштуу «терроризмге чакыруу» деген айыпка толук макул болбогонун айтты, бирок “кызыл чектен” өтүп кеткенин моюнуна алды. Ал 2020-жылдын декабрында камакка алынганга чейин он жыл бою Батыш Австралия университетинде биохимик болуп иштеген. 56 жаштагы Одиназода Австралияга эмиграцияга кеткенден кийин ошол өлкөнүн жарандыгын алган. Тажикстанда ага «экстремизм» деген айып менен издөө жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG