Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Жалал-Абад: Сел жүргөн айыл тургундары коопсуз жерлерге чыгарылууда


Жалал-Абад облусу. 2024-жылдын 24-июну.
Жалал-Абад облусу. 2024-жылдын 24-июну.

Жалал-Абадда бүгүн 24-июнда айрым аймактарды сел каптады. Элди кооптуу жерлерден эвакуациялоо жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 17:00 чамасында Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тоолуу аймактарында жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттон топтолгон сел Шайдан-Сай сайы аркылуу агып, Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдарындагы сайга жакын жайгашкан үйлөргө суу кирген.

“Жерине ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылып, жаралган кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө”, - деп билдирди мекеме.

Суу Садырбаев айыл өкмөтүнөн 10 үйдүн, 3 социалдык объекттин, Кеңеш айыл өкмөтүнөн 9 үйдүн короосун каптаганы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөөрүн эскерткен. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG