Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын айланасында болот


Ипотекалык компанияга караштуу курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.
Ипотекалык компанияга караштуу курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга жеңилдетилген шартта бере турган батирлердин бир чарчы метринин баасы 550-650 доллардын айланасында болот. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 24-июндагы жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда Бишкек, Ош шаарларынан тышкары башка аймактарга да ипотекалык үйлөр курулуп жатат.

"Бүгүнкү күндө социалдык ипотеканы айына 4-8% үстөгү менен 25 жылга чейинки насыя менен берүүнү көздөп жатабыз. Батирлердин чарчы метри орточо 550-650 доллардын айланасында болот", - деди Баясов.

Депутат Лейла Лурова батирлердин чарчы метри 950 доллардан сунушталып жатат деген кайрылуулар түшүп жатканын айтты:

"Батирдин баасы 650 доллардан деп айтылып, акчасы бар жарандарга 950 доллардан сунуш кылып, кезексиз берилип жатканы тууралуу дооматтар бар. Бизге шайлоочулар кайрылып жатат".

Баясов кардарларга батирлердин чарчы метри 950 доллардан сунуш кылынып жатканын моюнга алды, бул компаниянын ишин илгерилетүү максатында жана Акционердик коом тууралуу мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, мындай жол менен болгону 2 обьектидеги батирлердин 30% сатылып жатат.

Лейла Лурова бул мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги максатына туура келбесин белгиледи.

Аталган комитет Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шарият стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды. Аталган келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 млн доллар берет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 24-июнга карата берген маалыматына ылайык, ушул тапта өлкөдө 12 обьект курулуп жатат. Бүгүнкү күнү жеңилдетилген батир алуу үчүн кезекте 28 миңдей адам турат. Быйыл жыл соңуна чейин 10 миңден ашуун батир эксплуатацияга берилет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG