Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстанда катталган эки компания ЕБ санкциясына илинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин Орусияга Украинага кол салганы үчүн салып жаткан санкцияларынын кезектеги, 14-пакетине Кыргызстан да кирди. Бирикменин 24-июнда жарыяланган маалыматы «Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушу: Евробиримдиктин санкцияларынын комплекстүү 14-пакети кыйгап өтүүчү жолдорду бөгөттөйт жана энергетикалык чараларды көрөт» деп аталды.

Анда белгиленгендей, бул жолку санкциялык тизмеге 61 адам же компания «Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине түздөн-түз көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн» деп киргизилди.

«Кеп үчүнчү өлкөлөрдөгү – Кытай, Түркия, Казакстан, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирликтериндеги компаниялар тууралуу да болууда», - деп айтылды маалыматта.

“Азаттыктын” колуна тийген тизмеден дареги Кыргызстанда көрсөтүлгөн эки ишкананы көрүүгө болот. Биринчиси «Мюллер Маркт» жоопкерчилиги чектелген коому (Muller Markt LLC), экинчиси «ПроффЛаб» жоопкерчилиги чектелген коому (Profflab LLC) деп аталат.

«Мюллер Маркттын» расмий сайтында ал “өзүн өндүрүштүк аутсорсинг тармагында ишенимдүү кызмат көрсөтүүчү катары көрсөтө алган” ишкана экени, Кытай, Европа, Түркия, Индия жана АКШдан кызмат көрсөтүүчүлөрдү тез арада таап бере алары, деңиз, темир, аба, авто жол аркылуу жүк жеткирүү менен да алектенери жазылган.

Ал эми «ПроффЛаб» ишканасынын негизги ишмердүүлүгү “адистештирилбеген дүң соода” деп көрсөтүлгөн. Ал да Кыргызстанда чет өлкөлүк үлүшү бар компаниялар эң көп ачылган 2022-жылы катталган.

Эки компания тең быйыл март айында АКШ Орусияга каршы жарыяланган экинчи даражадагы санкциялык тизмеге кирген. Анда санкция жарыяланган товарлардын Орусияга жеткирилишине, Орусиянын аскердик-өнөр жай тармагын колдоого көмөктөшкөн 300дөй адамдын жана ишкана-мекеменин аты аталган.

«Мюллер Маркт» тууралуу маалымат алгач 2023-жылы июлда АКШнын Каржы министрлиги Орусияга тыюу салынган технологиялар жөнөтүлүп жатканы үчүн санкция киргизгени жарыяланганда айтылган.

АКШнын быйыл 1-майда жарыяланган санкциялык тизмесинде «ПроффЛаб» Орусияда жайгашкан компанияларга америкалык электрондук компоненттерди жөнөтүп жатканы белгиленген.

Бул жолу Европа Кеңеши жарыялаган санкциялар жалпысынан 116 адамга жана мекеме-ишканага тийиштүү экени, расмий тизме жакынкы арада жарыяланары маалымдалды.

Негизги көңүл Орусиянын суюлтулган жаратылыш газын үчүнчү өлкөлөргө европалык порттор аркылуу өтүшүн, реэкспорттолушун чектөөгө бурулары белгиленди.

Санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө үчүн кошумча чаралар көрүлмөй болууда. SWIFT системасынын Орусиядагы аналогуна чектөө киргизилет. Ишмердүүлүгү Европа Биримдигинин аймагында жүрүүчү саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга Орусиядан жана аны менен байланыштагы уюмдардан каражат алууга тыюу салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG