Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Лейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин баштапкы маалыматына караганда, бүгүн 24-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөр жаандын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон – Катраң – Баул унаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгө Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, тазалоо иштерине атайын техника тартылды.

Калта-Арык участогунда беш, Кара-Суу айылында бир турак жайга кирген сел суусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 10 куткаруучу тартылды.

Өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу учурда ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган өздүк курам күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барып, Жарандык коргонуу кызматтары жана күч каражаттарын даярдыкта кармоо максатында ыкчам жыйынга катышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөөрүн эскерткен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG