Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Кадамжайда беш жаштагы бала селге агып каза болду


ӨКМдин куткаруучулары. Кадамжай району, Баткен. 24-июнь, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү.
ӨКМдин куткаруучулары. Кадамжай району, Баткен. 24-июнь, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү.

24-июнда кечке жуук Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Селден Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылынын беш жаштагы тургуну каза болду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 25-июнда маалымдагандай, беш жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 23:45тер чамасында табышкан.

Селден Исхак-Полотхан айылынын 70 жаштагы тургуну да жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Абалы орто оор деп бааланууда. Сел кирген үйдөн жашы жете элек үч бала жана эки киши аман-эсен куткарылган, учурда алардын абалы туруктуу.

Кадамжай. 24-июнь, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү.
Кадамжай. 24-июнь, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү.


24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган беш көпүрөнү бузуп кеткен.

Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында жүргөн сел баштапкы маалыматтар боюнча 47 үйдүн ичине, 113 үйдүн тамаркасына, беш социалдык мекемеге, кичи футбол аянтчасына кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргон тосмого, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампага, бир трансформаторго зыянын тийгизген.


Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Түнү менен аймактарда Жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери, куткаруучулары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү, ыкчам иш аракеттер уланууда.

Табигый кырсык жалпысынан сегиз бодо малды, 42 майда жандыкты агызып кеткен.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-июнда сел кесепеттерин жоюу боюнча облустагы район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматы менен ыкчам штаб өткөрдү.

Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүүнү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү шарттарды тузүү, селден жабыркаган жарандарга психологиялык жардам уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүү тапшырмасын берди.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 24-июнда Жалал-Абад облусунунНоокен районунун Дооронбек Садырбаев жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдарындагы сайга жакын жайгашкан үйлөргө суу кирген. Адамдардан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Таластын Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жаандан жана мөндүрдөн улам айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады. (JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG