Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Севастополдогу окуядан улам Орусия ТИМи АКШ элчисин чакырды


Линн Трейси.
Линн Трейси.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсини чакырып, ага Севастополдогу окуяга байланыштуу «демарш жасалганын» 24-июнда билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматта Украина бийлиги «Севастополдо жайкын тургундарга ракеталык сокку урган», «Вашингтон колдоп, курал-жарак менен жабдып жаткан Киев режими» деп аталды.

Дипломатиялык тажрыйбада демарш деп адатта кайсы бир маселе боюнча позицияны жеткирүү үчүн жасалган билдирүү аталат. Анын мазмуну максатка жана түзүлгөн жагдайга байланыштуу болот.

Орусиянын тышкы саясий мекемесинин маалыматында «АКШ Орусияга каршы гибрид согуш жүргүзүп жатканы», Украинанын Куралдуу күчтөрүнө эң заманбап курал-жарак берүү менен согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп калганы белгиленди.

Севастополдогу окуя үчүн «жооп чаралары сөзсүз болот» деп билдирди Орусия ТИМи.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь шаарындагы 23-июндагы ракеталык чабуулдан жабыркагандар 151 кишиге жеткенин, алардын 82си ооруканага жаткырылганын калаанын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул үчүн Украинаны айыптап, «кассеталык бөлүкчөлөр менен жабдылган америкалык ATACMS ракеталары колдонулганын» маалымдады.

Тергөө комитети «теракт» деген негизде иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган. 2022-жылы Орусия баштаган согушка чейин ал жер турист эң көп каттаган аймактардын бири болчу. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары былтыр, айрыкча быйыл эс алуу сезону дээрлик токтоп турганын, анткени Крымда Орусия аскердик бөлүк, казарма, кампа сыяктуу жүздөгөн объектисин жайгаштыргандыктан коопсуздукка коркунуч сактала берерин жазып, көрсөтүп жатышат.

Орусия Украинага толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Украинанын ар кайсы аймактарында күн сайын адамдар өлүп, үйлөр, мекемелер кыйроодо. Миллиондогон украин жарандары качкын болуп жүрөт.

Украина Орусиянын агрессиясынан анын курал-жарагын өз аймагынан жок кылуу аркылуу гана арылса болорун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG