Баткенде "Мариям" аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн "Тажвид", намаз окуу, дуба окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь Баткен облусунун 1970-жылы туулган Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
УКМК Кыргызстандын бардык жарандарына балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинен диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда, ошол диний мекеме Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү эскертет. (ErN)
Дагы караңыз
“Социал-демократтар” фракциясы троллейбус линиясын алууга байланыштуу прокуратурага кайрылдыЫсык-Көлдө жер титиреди Кылычевдин адвокаты судьянын үстүнөн прокуратурага даттанатМолдованын Евробиримдикке кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол коюлду Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралуудаАрмения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды“Аккула” ат майданын сатуудан түшкөн акча турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалат