Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

“Аккула” ат майданын сатуудан түшкөн акча турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалат


“Аккула” ат майданы.
“Аккула” ат майданы.

Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданынын жерин жана имаратын сатуудан түшкөн акча калаадагы социалдык, турак жай жана коммуналдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңештин “Ишеним”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ат майдандын аянты 37 тилкеге бөлүнүп сатылат.

Жунушалиев турак жай маселеси дегенде кандай жол, каякка үй курулуп, ал кимдерге берилерин тактаган жок.

Бишкектин мэри депутаттарга калаанын учурдагы социалдык-экономикалык абалы, аны өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иш-аракеттер, жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу баяндама жасады.

Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн аукцион апрелдин башында жарыяланып, 16-майга белгиленген. Арыз жоктугуна байланыштуу ал өтпөй калып, майдын аягында кайрадан аукцион жарыяланган.

Аалгач аукцион жарыяланган маалда социалдык тармактарда аталган демилгени сынга алгандар ат майдандын жерин паркка айлантууну сунуштап чыгышкан. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муну журналисттерге комментарийлеп жатып, “шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот” деп айткан.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромго баалоо жүргүзүп, объекттин баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеп, ушул суммага аукционго коюлган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы “Аккула” ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG