Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Ысык-Көлдө жер титиреди


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Сейсмология институтунун маалымдашынча, 21-июнда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым, Каракол шаарынан 103 чакырым аралыкта катталган. Эл жашаган аймактарда силкинүү сезилген эмес.

Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Май айында очогу Казакстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда сезилген бир нече учур катталган.

Быйыл январь-февралда Казакстандын, Кыргызстандын аймактарында жер бир нече жолу силкинген.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да сезилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG