Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Кылычевдин адвокаты судьянын үстүнөн прокуратурага даттанат


Алга Кылычев.
Алга Кылычев.

Алга Кылычевдин адвокаты Жанат Гүлжигитов Аламүдүн райондук сотунун судьясы Талгат Шанкаевдин үстүнөн "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн" прокуратурага даттанат. Бул тууралуу адвокат "Азаттыкка" билдирип, буга 21-июндагы сот отурумун мыйзамсыз жүргөнү себеп болгонун жүйө келтирди.

"Бүгүн саат 10:00го сот отуруму белгиленген. Анда жарыш сөз болмок. Мен башка процесс бардыгын жүйө кылып, отурумду жылдырууну судьядан сурагам. Бирок судья аны четке кагып, мамлекеттик адвокат берилерин билдирген. Мен укугун коргоп жаткан Алга Кылычев да мамлекеттик адвокаттын коргоосуна муктаж эмес экенин билдирип, соттон жараянды жылдырууну өтүндү. Судья аны укпай, саат 11:00де отурумду баштады. Жарыш сөздү бат эле бүтүрүп, бир саатка жетип-жетпей, өкүмдү окуп, Кылычевди камап салды. Адвокат бул ишти билбесе, 40 томдук иш менен таанышуу үчүн бир саат эмес, бир күн жетпейт болчу. Бул жерде судья өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды", - деди Гүлжигитов.

Адвокат Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган Алга Кылычевдин сотунда аталган окуя боюнча жабырлануучу деп табылган милиция кызматкерлери, "Альфанын" атайын кызматкерлери, күбөлөр да Кылычевге каршы көрсөтмө беришпегенин белгиледи.

Аламүдүн райондук соту 21-июнда жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевди 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга камоону өкүм кылды. Кылычев сот өкүмүнө макул эместигин, соттун жогорку баскычына кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери жүрүп жатат. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карап келет. Алга Кылычевдин иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна берилген.

Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган.
Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG