Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралууда


Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.

21-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды.

Алгачкы жараян 7-июнда өтүп, баштапкы соттук угуу болгон.

14-июндан тарта иштин өзү каралып жатат.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушу тапта бул иш боюнча шек саналып кармалгандардын ичинен төртөө: Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева тергөө абагында. Калгандары түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG