Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Молдованын Евробиримдикке кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол коюлду


Молдованын президенти Майя Санду өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол коюп жатат. 21-июнь, 2024-жыл.
Молдованын президенти Майя Санду өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол коюп жатат. 21-июнь, 2024-жыл.

Молдованын президенти Майя Санду өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол койду.

Бул тууралуу ал X социалдык түйүнү аркылуу билдирди.

"Евробиримдикке кошулуу - бул биздин тынчтыкка, жарандарыбыз үчүн бейпил, гүлдөгөн жашоосуна болгон жолубуз. Кийинки аптада Люксембургда расмий башталуучу сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациябызга ийгиликтерди каалайм", - деп жазды ал.

Европалык интеграция боюнча вице-премьер-министр Кристина Герасимова делегацияны жетектейт. Сүйлөшүүлөр 25-июнда башталат.

Майя Санду Евробиримдикке кошулуу арызын 2022-жылы мартта, Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй тапшырган. Анын алдында ушундай эле арыз менен Киев да кайрылган.

Быйыл июнь айынын башында Еврокомиссия Молдова менен Украинанын евроинтеграциялык реформаларды жүргүзүү прогрессин оң баалап, кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөргө "жашыл жарык" берген.

"Блумберг" басылмасы жазгандай, Молдова менен Украинанын Еврошаркетке кошулуу жараяны бир канча жылга созулушу мүмкүн. Соңку ирет биримдикке Хорватия 2013-жылы кошулган. Бул өлкө менен сүйлөшүү 10 жылга созулган.

XS
SM
MD
LG